​Москвадагы мушташ жана анда каза болгон кыргызстандык боюнча кылмыш иликтенип жатат

  • 5 лет мурун

Москва шаарында кыргызстандыктар арасында мушташ чыгып, арасында бирөөнүн каза болгондугу тууралуу ЖМКда жарыяланган маалымат боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымат берди.

Элчиликтин жана КР ИИМинин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталгандай, аталган окуя кечээ, 19-июнда, саат 05.30. чамасында Москва шаарынын “Электрозаводская” метросунун айланасында болгон.

Бычактан алган жаракаттан улам КР жараны М.Н.А. каза болгон.

РФ Башкы Тергөө комитетинин Москва шаары, Чыгыш автономиялык округу боюнча Тергөө башкармалыгынын Измайлов райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү кишилерди кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча тийиштүү документтер даярдалууда,- деп билдирди Кыргызстандын Россиядагы элчилиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты