ТИМ Москва шаарында кармалган кыргызстандык жарандын ата-энеси менен байланышты   

  • 4 недели мурун

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Н.Тнын кармалышы боюнча маалыматты тактоо максатында Тышкы иштер министрлиги тарабынан анын ата-энеси менен байланыш түзүлгөн.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 4-апрелде билдирди.  

Маалыматта “Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигине Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынан Н.Тга карата билдирүү келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу, учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын элчилиги кармалган Н.Т.нын жактоочусу менен байланышкан. Кошумча маалымат келип түшкөн учурда, элчилик тарабынан Н.Тнын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл чаралары көрүлөт” деп айтылат маалыматта.

4-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында 20 жаштагы Нурмухаммед Токобаевдин ата-энеси уулунун Москвада кармалганын билдирген. Уулу курулуш тармагында жүк ташып жүргөн учурда Москванын күч органдары тарабынан кармалганын, ал окуянын чоо-жайын жакшы билбей тургандыгын айткан.    

Иллюстрациялык сүрөт. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты