Жаңылыктар
КТРК Атамбаевдин жактоочуларынын жыйынын чагылдырбаганын Карамушкина билдирди
Жаңылыктар

КСДП Ирина Карамушкина бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңеш жыйынында Коомдук телерадио компаниясынын отчету учурунда КТРК объективдүү болбой жатканын белгиледи.
Депутаттын айтымында, КТРК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын кечээ, 18-июнда, өткөн пресс-конференциясы тууралуу кыскача да сюжет даярдабаганын, дегеле маалымат уктурбаганын баса белгиледи. Бул анын объективдүүлүгүнө, көрүүчүлөрдүн ар тараптуу маалымат алуусуна доо кетирерин айтты.
--Канал мамлекеттик бюджеттен каржыланып жатат. Сиздер толук маалымат бербей, жарандардын укугун бузуп жатасыздар,- деди Ирина Карамушкина.
Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев КТРК объективдүү боло албай жатканын моюнга алды.
--Биз материалдарды бир тараптуу чагылдыруу практикасынан арылышыбыз керек, - деди Жекшеев.
Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар