​Шамил Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаев буйрук бергенин айткан

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 17-июнда, Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия жыйынында ИИМдин тергөө башкармалыгынын өкүлү Мырзалы Жумабаев мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов тергөөдө Батукаевди бошотууга Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп айтканын билдирди.

—Тергөө учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак протоколунда Батукаевди бошотууга Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар экенин, тапшырма бергенин айткан — деди ИИМ өкүлү.

Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, кайра бошотулган болчу.

Алты жыл мурда кримтөбөл Азиз Батукаевдин ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Батукаевдин иши боюнча экс-баш прокурор Аида Салянова 26-июнга чейин камакта калтырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты