Жанар Акаев: «Мурдагы президенттер камалгандан коркпошу керек»

  • 5 лет мурун

Мамлекетти башкарган адам бийликтен кеткенден кийин камалуудан коркпошу керек. Мындай пикирин бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Жанарбек Акаев билдирди:

— Бир ай мурун Түштүк Кореяга барып келдим. Экс-президенттердин жарымы абакта отурат. Президенттер, саясатчылар, Кудай сактасын, бирок камалгандан коркпош керек. Ар бир президент камалган сайын кийинки президент “мен туура жүрүшүм керек экен, кымындай ката кетирбей, кынтыксыз иштешим керек экен” деп ойлонуп калат,-деди ал. .

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине кескин сын айтып, анын ишмердүүлүгүнө баа бериш керек деген демилгени көтөрүп чыгышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты