​Дамир Мусакеев беш жылга эркинен ажыратылды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурдагы башчысы, КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеев беш жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле ага 70 миң сом айып салынды.

Бул тууралуу КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Бүгүн, 24-майда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Дамир Мусакеевдин соту болуп, аны беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды.

Дамир Мусакеевге Кылмыш-Жаза кодексинин 323-беренеси, мыйзамсыз баюу жана 320-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылган

Мусакеев буга чейин өзүнүн мүлкүн ЖМК өкүлдөрүнө көрсөтүп, мыйзамсыз баюу боюнча аны айыптоого болбой турганын айтып, мүлкүн көрсөтүү кезегин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго узатканын билдирген.

КСДП Мусакеевдин айыпталышын саясий куугунтуктуктоо катары саноо керек деп эсептейт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты