Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча суракка чакырылды

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу боюнча Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Жогорку Кеңеш депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берди.

Бул тууралуу Ички иштер министринин маалымат кызматы кабарлады.

16-майда айрым ЖМК Зарылбек Рысалиев Батукаевдин бошотулушу боюнча сурак учурунда абалы начарлап «Тез жардам» чакыртылганын маалымдашкан. Бирок ал өзү суракка чакырылбаганын билдирген.

2019-жылы январь айында Батукаевдин иши кайра карала баштаган. Аны негизсиз бошотууга катыштыгы бар делген бир катар кызмат адамдары, врачтар камалган. Анын ичинде Саламаттык сактоо мурдагы министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана врачтар кармалган.

Нарын шаарынын соту киши өлтүрүү, курал алуу, баш-аламандык уюштуруу боюнча 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаевди 2013-жылы рак болуп ооруган деп абактан бошотушкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты