​Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, Түп районунун жашоочулары менен жолугушту.

Президент ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлорго токтолду.

«Өлкөнүн башкы багыттарынын бири бул атамекендик экологиялык жактан таза агропродукциясын экспортко чыгаруу. Биз дүйнөлүк рынокто өзүбүздүн экологиялык таза азыктарыбыз менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Жээнбеков жергиликтүү бийликти коррупция менен күрөшүүдө жөн гана байкоочу болуп турбастан, мамлекетке бул күрөштө жардам берүүгө, коррупцияга каршы ишти күчөтүүгө чакырды.

Жолугушуу учурунда түптүктөр көйгөйлүү маселелерин ортого салды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты