Ташкентте Борбор Азия жана Араб өлкөлөрүнүн ТИМ башчылар жолугушуусу өтөт

  • 3 недели мурун

Ташкентте 15-апрелде «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусу өтөт.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн – Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстандын жана аталган кеңешке мүчө өлкөлөрдүн – Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Сауд Арабиясынын делегациялары катышары күтүлүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө өткөн жылы 19-июлда «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» форматында Жидда шаарында өткөн алгачкы форумда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусун, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык, коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында кызматташтыкты талкуулоо каралууда.

Мындан тышкары тараптар 2025-жылы Самарканд шаарында өткөрүү пландалып жаткан кийинки саммитке даярдык көрүү боюнча пикир алмашышат.

Иш-чаранын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алуу пландалууда.

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты