Жумабеков: “Матраимовдордун иш-чарасына барууга тыюу салган мыйзам жок” (Видео)
- 5 лет мурун
1-май күнү Кара-Суу районунда бир туугандар Раим Матраимов менен ЖК депутаты Искендер Матраимов өткөргөн иш-чарага бир топ бийлик окүлдору барганы социалдык тармакта катуу талкууга алынып жатат.
Белгилүү болгондой, учурда Кыргыз өкмөтү Бажы кызматынын директорунун мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен соттошууда. Иш — чарага биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт кызматкерлери, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков баш болгон депутаттар барган. .
Эл ичинде «Райым-миллион» деген ат менен белгилүү болгон Райымбек Матраимовдун түштүк чөлкөмдөгү бай жана таасири күч адамдардын бири катары эсептелет.
Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Жумабеков иш-чарага барганы боюнча түшүндүрмө берип, депутаттар өз каражатына барып келишкенин жана мында эч кандай мыйзам бузулган жок деп билдирди.
—Депутаттар бири-бирибизге сый мамиле көрсөткөндүн негизинде гана барып келдик. Бюджеттен эч кандай каражат кеткен жок. Биринчиден, бул дем алыш күн болчу.
Экинчиден, ар бир депутаттын барып-келиши өзүнүн каражатынан болду. Төраганыкы дагы. Биздин ал жакка барып катышканыбызга эч бир мыйзамда тоскоолдук жок.
Искендер Исмаиловичке: «Биз ал жерге бара албайбыз. Сенин иниңде ушундай маселе бар» дегенге эч кандай себеп жок.-деди төрага парламенттик радионун түз эфиринде.
Видео: Парламенттик радио. .