​Таякеси машинага сүйрөткөн баланы апасы Россияга алып кетмей болду

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-майда, баланын апасы Москвадан Бишкекке учуп келди. Ал баласын Россияга өзү менен бирге алып кетмей болду.

Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчынын орун басары Е.Алимбаев баланын апасы Б.П.ны кабыл алды.

Баланын апасы Биринчи май райондук ИИБ тергөөчүсү менен жолуккан, андан кийин баласы менен жолукту.

Акыйкатчынын орун басары каникул башталаары менен апасы баланы Россияга алып кетээрин айтканын билдирди. Баланы кароого, окутууга апасынын мүмкүнчүлүгү жетишет.

Баланын апасы Б.П. кесиби боюнча чет тил мугалими. Москва шаарында окуучуларга репетитор болуп иштейт.

Таякеси сегиз жаштагы жээнин тарбиялайм деген максатта машинанын артына аркан менен байлап, сүйрөткөн. Андан кийин бала ооруканага жаткырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты