​Укук коргоочу: “Таякеси машине менен сүйрөткөн баланын абалы жакшы”

  • 5 лет мурун

Бишкекте таякеси сабап, колунан байлап, унаасы менен сүйрөткөн 9 жаштагы балага “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фонду керектүү кийим-кече, тамак-аш алып барды.

Бул тууралуу коомдук фонддун жетекчиси Назгүл Турдубекова фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Турдубекованын айтымында, кечээ дарыгерлер баланын жаракатыбатыраак айыгып кетиши үчүн кийим кийгизишкен эмес.

Баланын тамак-ашы бар. Дарыгрлер ага телефон алып бербөөнү өтүнүштү. Анткени, даарылоо учурунда ага смартфон колдонууга болбойт. Жалпысынан дарыгерлер баланын тамак-ашы жана дарылануусу үчүн элди тынчсызданбоого чакырды.

Бала ооруканада болгондуктан, ал жакта тынч жагдайда дарылануусу керек, башка балдар да жатат. Баланын адвокаты бар. Бардык тиешелүү мамлекеттик органдар балдарды коргоо боюнча мониторинг жүргүзүп жатышат. Баары экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Таякеси эч жакка кете албайт.

Азыр апасын күтүп жатабыз. Апасы камкор, жакшы эне деп жатышат. Баласы бир нече жолу Москвага эс алганы апасына барган экен. Азыр баланын дарылануусу жана коопсуздугу маанилүү. Психологиялык, эмоционалдык абалы жакшы экен.-дейт Турдубекова.

Белгилей кетсек, окуя 27-апрель күнү болгон. «Бала сабалууда» деген билдирүүдөн кийин милиция кызматкерлери окуя болгон «Алтын Казык» жаңы конушуна барышкан.

Ал жактан 9 жаштагы баланы BMWунаасына байлап, бир нече метрге чейин сүйрөткөнү аныкталган.

Шектүүнүн айтымында, ал мындай кадамга тарбия берүү ниетинде барган.

Сүрөт Назгүл Турдубекованыкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты