23-апрелде “Ата Мекен” партиясы митинг өткөрүүгө уруксат алды

  • 5 лет мурун

“Ата Мекен” партиясы 23-апрелде митинг өткөрүүгө уруксат алганын партиянын сектетариатынан билдиришти.

Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрө тургандыгы тууралуу март айынын башында эле билдиришкен.

Ошол 23-апрель күнү Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралат.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси менен айыпталып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Москванын Тверь соту Текебаевге каршы көрсөтмө берген Леонид Маевскийди маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн 37,5 миллион доллар доолагандыгы боюнча камаган.

Садыр Жапаров 2013-жылы кишини барымтага алуу беренеси боюнча 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты