Садыр Жапаровдун соту 5-июнга жылдырылды

Садыр Жапаровдун соту 5-июнга жылдырылды

Саясатчы Садыр Жапаровдун Жогорку соттогу кылмыш иши  бүгүн, 29-майга, белгиленген. Бирок соттордун биринин ооруп калгандыгына байланыштуу, процесс кийинкиге жылдырылды. Анын соту 5-июнда каралмай болду. 

С. Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган  жана экс губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райсоту Жапаровду 2017-жылдын  2-августунда  Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан. Чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров айыпты саясий куугунтук деп  эсептейт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты