Текебаевдин сот ишиндеги күбө Маевский Москвада 15 жылга кесилиши мүмкүн

Текебаевдин сот ишиндеги күбө Маевский Москвада 15 жылга кесилиши мүмкүнАта Мекен” партиясынын камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги башкы күбө, россиялык ишкер, Госдума экс-депутаты Леонид Маевский кечээ Москвада камакка алынды.

Интерфакс агенттиги 16-ноябрда билдиргендей, Мамлекеттик Думанын экс депутаты, бизге Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинин башкы айыптоочу күбө Ленонид Маевский  кадыр-баркка доо келтирген маалыматы ачыкка чыгарбоо шарты менен  37, 5 млн доллар доолагандыгы үчүн камалганын билдирди.  Маевскийди Москванын Тверь соту камакка алды.

“Тараптардын жүйөөсүн угуп жана берилген материалдарды карап чыгып, сот Маевскийди 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууга чечим чыгарды”.  Бул тууралуу судья Дмитрий Гордеев билдирген.

Маевский ири сумма турган мүлктү алуу үчүн шылуундукка барууга айыпталып жатат. Эгер күнөөсү далилденсе, ал 15 жылга эркинен ажыратылат.

Тергөө аныктагандай, Маевский кайсы бир адамдар менен сүйлөшүп алып, 2018-жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин жабыркаган тараптан 37,5 млн долларга жакын акча талап кылган. Ал акчаны таап бере албаса, жабыркаган адамдын айыбын ачкан маалыматты таратам деген. Бул факты боюнча 14-ноябрда кылмыш иши козголду.

Ал сот процесси жабык түрдө өткөн.

Жабыркаган тараптын жактоочулары комментарий берүудөн ба тартышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты