Өмүрбек Текебаев: “Мен тарыхый күрөштө жеңип чыктым”

 Өмүрбек Текебаев: “Мен тарыхый күрөштө жеңип чыктым”Бүгүн, 8-июнда,  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча экинчи жолку сот отуруму өтмөкчү. Жарандык коом сот отурумунун ачык өтүшүн, ЖМКга видео тартууга  уруксат беришин талап кылып келет. Бирок сот Эрнис уулу Айбек видео тартууга уруксат берилбесин билдирген болчу.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда  Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча биринчи сот отуруму 5-июнда ачык түрдө өткөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду орус ишкери Леонид Маевскийден “Мегаком” компаниясынын акциясын сатып алууга көмөк көрсөтөм деп 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деп, анын негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча айып тагууда.

Айыптоочулар биринчи отурумда соттун жабык өтүшүн талап кылышты. Бирок сот ачык өттү. Сот Эрнис уулу Айбек биринчи отурумда видео тартууга уруксат бергени менен, кийинки отурумда тартууга болбой турганын билдирди.

Жактоочулар “Мурунку Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн да угуу керек экенин, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди да чакырыш керек дешти. Ошондой эле Болот Шерди, Эмилбек Каптагаевди, Исмаил Исаковду да угуш керек” деп айтышты. 

Жактоочулар жана Текебаев кылмыш иши менен толук таанышып бүтө электигине байланыштуу сот отуруму 8-июнга жылдырылган эле.

Өмүрбек Текебаев минтип сүйлөдү:

Өмүрбек Текебаев: “Тарых сөзсүз баа берет”

—Эл ушуну көрүп туруш керек деп ойлойм. Прокуратуранын күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жабык түрүндө өтсүн деп айтканы булар чындыктан корккону, элдин пикиринен, элдин сотунан, тарыхтын сотунан коркконунун далили болуп турат.  Эл көрсө тойдо болобу, батада болобу, көчөдө болобу, “Бетиң жок, акмак экенсиң” деп айтат деп коркуп атышат. Маевский КТРден кайра-кайра сүйлөп, алар кетет. Мобу жерде калган адамдар эл бар, журт бар деп коркуп атышса керек.

Мен Башкы прокуратуранын сунушуна баа берип атам. Өзүлөрү баарын көрсөтүп, таратып коюп, бүгүн алардын өңүн элге көргөзбөш үчүн, элден коркот экен, аларды сактайт экен. Ошол жалган жалаа жапкан адамдарга, бийликке, демилгечилерине кошо эл бүгүн баа бериш керек. Тарых сөзсүз баа берет, мен буга ишенем. Бирок алар бүгүн баа бериш керек, энчисин алыш керек. Бүгүн-эртең чыгып, тойго барабы, батага барабы, жамандыкта болобу, жакшылыкта болобу, адамдар бетине карап, акмак экенсиң деп айткандай болуш керек. Алар мына ушулардан коркот. Элден, чындыктан коркуп отурушат булар. Ошондуктан сот ачык болуш керек. Атамбаев айткандай, ар бир күбөнүн сүйлөгөн сөзүн ар бир кыргызстандык угуш керек, көрүш керек. Кантип жалган айтып жатканын биз мына ушул жерден далилдеп айтабыз, ал далилге сот ынанабы-ынанбайбы, билбейм, бирок мен ишенем, эл ынанат.

 Өмүрбек Текебаев: “Мен тарыхый күрөштө жеңип чыктым”Дүйшөнкул Чотонов: “Үч айдын ичинде бизди кылмышкер, алдамчы деп көрсөтүп жатышат”

—Мен да адвокаттардын айтканын колдойм. Себеби эмнеси калды, эл көрбөгөн. Өмүрбек Чиркешович айткандай, бүт Кыргызстан көрүп атат. Үч айдын ичинде коррупционер, алдамчы деп көрсөтүп жатат. Анан ошо бизди коррупционер, алдамчы деп, мүмкүн тергөөчүлөрдүн басымы астында, мүмкүн уюштурулган ошол күбөлөр көрүнбөй келип көрсөтмө бербестен, элдин алдында, бетибизге ачык айтсын. Бул биз үчүн абдан керек нерсе, эл үчүн абдан керек нерсе. Ушул жерден биздин бетибизге айтып, тарых алдында, элдин алдында, Кудайдын алдында айтып кетсин, анан силер чечесиңер. Урматтуу сот, мен күбөлөрдү суроону жабык кылбастан жалпы прессанын катышуусунда уруксат берип, ачык өткөрүүнү суранам.

Өмүрбек Текебаев: “Сот отурумунун кыргызча өтүшүн талап кылам”

—Судья, биринчиден, бир нерсени тактап алышыбыз керек. Бүгүнкү процесс орусча өтөбү, кыргызча өтөбү? Мен, Текебаев, Кыргыз Республикасынын жараны, сот процессинин кыргызча өтүшүн талап кылам. Котормочу керек, ага каршы эмесмин. Эки орус тилдүү чет элдик жаран бар.  Алар да менин, биздин сүйлөгөн сөздөрүбүздү угуш керек. Бирок калганыбыздын баарыбыз кыргызбыз да. Котормочу абдан маанилүү күбө. Көп кырдаалдар болгон. Иш бүтүп калганда тергөөчү кылмыш иши менен таанышсаңар-таанышпасаңар да биз 13 күндө өткөрөбүз, жогору жактан ошондой көрсөтмө, график бар деп айтканы бар. Аны мен уктум, тергөөчү, адвокат укту. Биздин айтканыбыз эсеп эмес, күбөнүн айтканы менин оюмча абдан маанилүү көрсөтмө болуп эсептелет. Ошондуктан күбө катары катышып беришин сурайт элем.

Өмүрбек Текебаев: “Айып протоколунун орусча тексти менен кыргызча текстинде чоң айырма бар”    

—Мен да такташып алайын. Мен айыптоо протоколунун токтомунун көчүрмөсүн алдым.  Бири — кыргызча, бири — орусча. Экөөндө чоң айырма бар, абдан чоң айырма бар. Баарыбыз билебиз, эгер кыргыз тилиндеги мыйзам орус тилиндеги мыйзам менен карама-каршы келип калса, биз кыргыз тилиндеги мыйзамга таянабыз. Урматтуу сот, мен тактап алгым келет, мага берилген кайсы тилдеги айыптоого биз таянабыз? Кыргызчасынабы же орусчасынабы? Мага кыргызча котормосун берди, мен кыргызча алдым, кыргызча окуп жатам. Эгерде орусча, кыргызча текстинде карама-каршылык болуп калса, мына сотту биз кыргызча өткөрөбүз деп чечтик, анда кайсы текстке таянабыз?

Өмүрбек Текебаев: “Жактоочу аркылуу өзүмдү коргонуунун стратегиясын, тактикасын, планын аныктоого укугум барбы?”

—Мен далил издегенге укугум барбы? Далил катары күбөлөрдү издегенге, документтерди жыйнаганга, эксперттердин тыянагын алганга, аны сотко алып келгенге укугум барбы жактоочу аркылуу?  Мен жактоочу аркылуу өзүмдү коргонуунун стратегиясын, тактикасын, планын аныктоого укугум барбы? Ошол планды оозеки жана кагаз жүзүндө жазууга укугум барбы? Мен үчүн гана эмес, эл үчүн, КТР билип алсын дейм. Текебаев күбө издеп жатыптыр, кокуй күбө келип алат экен деп азыртан дүрбөп жатышат. Аны кылмыш катары көргөзгүсү келип жатышат. Мен ойлойм, мындай мамлекеттик саясат сотко, сиздин эркиңизге, сиздин чечимиңиздин жыйынтыгына таасири тиет деп эсептейм. Ошондуктан менин укугумду мен гана эмес, сотту байкап турган адамдардын баары билгендей болушу керек. Сиздин укукту түшүндүрүп бергениңизге чоң рахмат. Мен аны максималдуу колдонгонго аракет кылам.

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев тарыхый талаштан жеңилип калды”

—Мени күнөөлөп жаткандардан моралдык үстөмдүгүмдү сезип турам. Мен тарыхый талаштан жеңип чыктым. Эгер мен соттон жеңилип калган болсом да, бул убактылуу чегинүү болмокчу. Атамбаев тарыхый талашуудан жеңилип калды. Мен ушуну так билем.

Өмүрбек Текебаев: “Күбө катары Алмазбек Атамбаевди чакырууну колдойм”

—Бул жерде биз чакыра турган күбөлөр толук эмес. Мен сизден тактап алайын деп жатам. Иштин жүрүшүнө жараша кошумча күбөлөрдү чакырабыз. Анткени көбү кызматта. Убакыт келсе алар да көрсөтмө бергенге даяр болушат. Андан башка да, тигил же бул, фамилиялары тактала  элек күбөлөр бар, аларды биз кошумча билдиребиз. Алмазбек Атамбаевди чакырууну колдойм. Анткени Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү приватизациялоо боюнча маселе Убактылуу өкмөттүн 1-орун басары караган, ошол тейлеген. Ошондуктан приватташтырууга кимдин укугу бар эле, мамлекеттик мүлктү башкарыш, мамлекеттик акционердик коомдо кандай добуш бериш, мамлекеттик ишканалардын жетекчилери тууралуу сөз болуп жаткандан кийин,  түздөн-түз ошол тармакты караган, тескеген адам келип көрсөтмө берсе, менин оюмча абдан жакшы болмок.

Текебаевдин кенже кызы менен учурашуусу

Сот отурумуна келгендердин арасында Текебаевдин жубайы, үй-бүлөсү да бар эле. Айрыкча анын кенже кызы темир тор артында бир нече айдан бери олтурган атасы менен учураша албай турду. Күзөт ата-баланы учураштыргысы келбегени көрүнөт. Акыры темир тор артынан болсо да учурашууга мүмкүн болгон мүнөттөрдү ал өмүр бою унутпастыр.  Атасы аны чекесинен сүйүп, кызы болсо атасынын бетинен өөп койду. Муну көргөн кишилердин баарынын көзүнө жаш кылгырды.

 Өмүрбек Текебаев: “Мен тарыхый күрөштө жеңип чыктым”Равшан Жээнбеков: “Сот ачык өтүшү маанилүү”

—Өмүрбек Текебаевдин биринчи сот отуруму ачык өттү. Бийликчил, бейтарап жана оппозициялык ММКлардын дээрлик бардыгы катышты.

Мындан ары дагы коомчулук  соттун ачык, ар тараптуу, ММКлардын, жарандык коомдун катышуусу менен өтүшүн талап кылышыбыз керек. Ошондо гана ак менен каранын, мыйзамдуулук менен наадандыктын ордун баарыбыз көрөбүз, билебиз.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Прокурор Өмүрбек Текебаев: “Мен тарыхый күрөштө жеңип чыктым” Абдышев ким?

—Сотто мамлекеттик айыптоочу болуп, Башкы прокуратуранын прокурору Абдышев деген катышып жатат. Бул Жети-Өгүз районунда прокурор болуп иштеген, Абдышев Бакиевдин убагында элди кордоп, укугун бузуп  жүргөн киши. 7-апрелде Жети-Өгүз районунда жөө келе жаткан элди тосуп, «камагыла» деп, милиция өкүлдөрү менен өзү кошо сабаган, аялдарды да башка коюп, тепкен (видеоматериал бар), сүйрөп милициянын машинасына салган адам эми Текебаевге мамлекеттик каралоочу болуп жатат.  Абдышев 2009 -жылы президенттик шайлоодо Барскоонго келген, А. Атамбаевди сүйлөттүрбөөгө, эл менен жолугуштурбоо үчүн жаш балдар менен конфликтке барып, сөгүнүп, согушканга чейин барып, Атамбаевдин машинасын койдурбай кыянаттык кылган. Эми ушул адамга бийлик муктажбы?

 Өмүрбек Текебаев: “Мен тарыхый күрөштө жеңип чыктым”Жанар Акаев: “Текебаевдин Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө, демократия жана сөз эркиндигине кошкон чоң салымын билишибиз керек” 

—Өмүрбек Текебаевге ар кимдин көз карашы ар кандай болушу мүмкүн, бирок анын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө, демократия жана сөз эркиндигине кошкон чоң салымын билишибиз керек. Текебаев адилеттүү жана эркин коом курууга чоң салым кошкон саясий лидер экенин, биз, жаш муун, өлүп баратсак да айтышыбыз абзел. Бул урпактарга улана турган узак жол, багыт. Депутаттык мөөнөттө эки көпүрө, бир мектеп куруп берген бизнесмен саясатчыны муну жасады деп, анан бул кишини эмне кылып койду дегендерге такыр түшүнбөйм.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты