​Чоң атасын өлтүрүүгө небереси жана анын досу шектелүүдө

  • 5 лет мурун

75 жаштагы А.П.ны өлтүрүүгө 18 жаштагы небереси М.К. жана небереси менен бирге жашаган 17 жашар Ч.Я. кармалган.

Чүй облусунун Аламүдун районунун Криминалдык милиция кызматы киши өлтүрүүгө шектелгендерди кармады.

Чүй ИИБ басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын кабарлады.

Аламүдүн ИИБ нөөмөт бөлүмүнө 11-апрелде болжол менен саат 19:20 да кыйнап өлтүрүлгөн кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам топ Лебединовка айылындагы үйгө барганда 70-75 жаштардагы кишинин денесинин көп жерине бычак тийгенин жана кармашуунун белгилерин аныктаган.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси, киши өлтүрүү боюнча катталган жана тергөө иши башталган.

75 жаштагы А.П. өлтүрүлгөн үйүндө көптөн бери жалгыз жашаган.

Шектүү катары А.П. нын 18 жаштагы небереси М.К. жана аны менен жашаган 17 жашар Ч.Я. кармалган.

Кылмыш ууурулук максатында жасалганын, бирок өлтүрүлгөн киши каршылык көрсөткөндүктөн, мушташа кетип, акыры өлүм менен аяктаганын тергөө божомолдоодо.

Экспертиза дайындалып, тергөө иши улантылууда.

Сүрөт: Чүй ИИБдики.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты