Аламүдүн районунда бейбаштык боюнча экинчи шектүү кармалды

  • 11 месяцев мурун

Чүй облусунун Луговое айылында бейбаштык беренеси боюнча 11-июнда кылмышка шектүү экинчи жаран, Ленинское айылынын тургуну 1998-жылы туулган К.К. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

10-июнда саат 21:30 да Аламүдүн районунун Луговое айылындагы «Миг» дүкөнүнүн жанында белгисиз адамдар 1994-жылы туулган Т.Ж. ны себепсиз сабап кетишип, ал чара көрүү боюнча арыз менен Аламүдүн РИИБге кайрылган.
Аталган факт аталган РИИБде катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары Ленинское айылынын тургуну, 1992-жылы туулган К.Ж. кармалып, жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына киргизилген.
11-июнда кылмышка шектүү экинчи жаран, Ленинское айылынын тургуну 1998-жылы туулган К.К. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Сүрөт: Чүй ИИБ басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты