Аламүдүн районунун Луговое айылында бейбаштык үчүн бир жаран кармалды

  • 11 месяцев мурун

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Аламүдүн районунун Луговое айылында 10-июнда бейбаштык беренеси боюнча бир жаран кармалганын маалымдады.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 10-июнда саат 21:30 да Луговое айылында “Миг” дүкөнүнүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы Т.Ж. ны себепсиз сабап салганы боюнча маалымат түшкөнүн кабарлады.

Жабыркаган жаран милицияга арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча Аламүдүн районунда кылмыш кодексинин 280-беренси, бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон.  

Бул кылмыш иши боюнча Аламүдүн районунун Ленинское айылынын тургуну, 1992-жылы туулган К. Ж. кармалган жана милициянын убактылуу жайына киргизилген.    

Сүрөттө: бейбаштык боюнча кармалган киши. Чүй облустук ИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты