Эл аралык баңги синдикат мүчөсү 6 кг баңгизат менен кармалды

  • 10 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ)  баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келишине жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операцияда 6 кг 111 гр түзгөн мефедрон баңгизаты менен эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда ИИМ кызматкерлери УКМК менен бирге Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү, 2001-жылы туулган С.И. таандык «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүшкөн.

Тинтүү учурунда унаанын арткы отургучунун алдындагы жашыруун жайдан салмагы 6 кг 111 граммды түзгөн 24 даана таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында жогоруда алынган зат мефедрон аттуу  психотроптук зат экени аныкталган.

Бул факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2001-жылы туулган С.И. эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болуп, ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азиядагы ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени аныкталган.

Бул баңги синдикатынын катышуучулары баңгизатты интернет аркылуу сатышкан. Шектүү С.И. менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 млн сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн. Мефедрон психотроптук затынын 42 миңден ашык дозасын жайылтууга бөгөт коюлду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты