Бекешев: “Өкмөттүн отчетун уксак, биз аябай өнүккөн өлкөдө жашап жаткандай болуудабыз”

  • 5 лет мурун

Депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда жаштардын үмүтү жок, өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын билдирди. Бирок Өкмөттүн кагаздагы отчетун уксак, өнүккөн өлкөдө жашап жаткандай элес калтыраарын айтты.

—Кайсы тармакты албайбы, бүт жакта проблема, кылмыштуу уюмдар, Билим берүүдө китептердин катасы, Саламаттык сактоо тармагындагы акылар, миграцияда жүргөн 700 миң, балким, андан да көп киши. Кагазда аябай өнүккөн өлкөдө иштеп жаткандайбыз, -деди депутат.

Жаштарга жумуш орундарын түзүү, анын ичинде мамлекеттик кызматтарга тартуу керектиги тууралуу оюн айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселенин баары туура белгиленип жатканын, жаш кадрларды министр дайындап, башка жумуштарга тартылып, аракеттер көрүлөрүн билдирди.

Айта кетсек, бүгүн, 12-апрелде, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жылдагы Өкмөттүн жааган иштери тууралуу отчет берди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты