​Асылбек Жээнбеков: “КСДПда бир адамдын диктатурасы орноп калды”

  • 5 лет мурун

КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде КСДП партиядан чыкканын жарыялаган. Буга байланыштуу анын жалпы элге кайрылуусун сунуш кылабыз. (Толук тексти).

—КСДП татаал жолду басып өттү, башынан түрдүү сыноолорду кечирди, сынбады. Кайра чыйралып, өлкө тагдырын чечүүчү мезгилдерде алдыда жүрдү. Тилекке каршы бүгүнкү күнү партиянын тегерегинде орун алган талаш-тартыштар анын көп жылдардан бери топтогон аброюна көлөкө түшүрдү.

Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, парламенттин эки чакырылышында төрагалыкты аркалаган инсан катары мындай көрүнүшкө кайдыгер карабай жалпы журтка билдирүү жасоону туура таптым.

Мен партияга эң оор учурда келгем. 2007-жылы бийликтин өкүмзордугу күч алып, мамлекеттин келечегине чоң коркунуч жаралган эле. Ага каршы мыйзам алкагында күрөш жүргүзүү үчүн мыйзам алкагында КСДПнын жер-жерлердеги, өзгөчө Ош аймагында, тартибин арттыруу тапшырмасы коюлган.

Президентибиз Сооронбай Шариповичтин ошол мезгилде партияга көмөктөшүү сунушунан кийин КСДПнын катарына кошулуп, анын түмөн түйшүгүнө аралашкам. Өзүнүздөр жакшы билесиздер, ал кезде зулум режимге ачык каршы чыгып, партиялык иштерди уюштуруу абдан опурталдуу эле.

Өмүрүбүздү тобокелге салып, партиялаштарыбыз менен биргеликте адилеттүү коом түзүү максатында ишибизди баштаганбыз.

Алгачкы жыйынтыгы жаман болгон эмес. 2007-жылдагы парламенттик шайлоого КСДП бийликтин кысымына карабастан жер-жерлерде, анын ичинде мен координаторлук кылган ордолуу Ош аймагында, элдин ишенимине арзыды.

Натыйжада Ош аймагында 87 миңден ашуун добуш жыйнаганбыз. Бул КСДПнын жыйнаган жалпы добушунун 45 пайызын түзгөн. Адилеттүү бийликтин өзүм билемлиги орноп турган заманда мындай ийгиликке жетишүү оңой-олтоң иш эмес эле.

Ал эми 2010-2015-жылдардагы парламенттик шайлоолордо бул көрсөткүч эселеп өстү.

2015-жылы Ош аймагында партиялаштарыбыз менен 150 миңге чукул шайлоочунун ишенимине ээ болгонубуз мунун далили.

Биздин партия 2010-жылдагы элдик революцияны жүзөгө ашырууда мамлекеттин тарыхында бурулуш жасоонун башында турган. Андан соң элдик жеңиш менен келген башкаруунун жаңы формасын түптөө, мамлекетти бекемдеп, Кыргызстаныбыздын чыныгы көз карандысыздыгын калыптоо багытында ишибизди уланттык.

Биз, социал-демократтар, партиялык түзүлүштү чыңдап, күчтүү жана гүлдөгөн өлкөнү курууга бардык күчүбүздү жумшадык. Партиянын катардагы гана мүчөсү катары эмес, бир кездеги КСДПнын жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин төрагасы катары мындай иштерге катышканыма сыймыктанам.

Партиялар саясий элитанын тагдырын эмес, карапайым жарандардын кызыкчылыктарын коргоп, таламын талашууга тийиш.

Партия төрагасынын жеке мүдөөсү, жеке тарынычы, жеке амбициясы мамлекеттин өнүгүшүнө залакасын тийгизбеши керек.

Тилекее каршы бүгүнкү күндө КСДП ички интригалардын айынан өзүнүн милдетин так аткара албай калды.

Бул интригаларга мени да аралаштыруу аракети көрүлүүдө. Мен ага аралашпайм. Партия парламенттик демократияны өнүктүрүү үчүн эмес, жеке адамды жана анын бир ууч тобун жактоочу инструментке айланып баратат

КСДПга эмгеги сиңгендер четке сүрүлүп, бир адамдын диктатурасы орноп калды.

Партиянын жетекчиси дайыма жалгыз мен баарын кыйраткам деп жетишилген ийгиликтерди өзүнө ыйгарып келет.

Бирок партия тарабынан жасалган иш-аракеттер бир эле адамдын эмгеги эмес, Убагында президент Сооронбай Шарипович, фракция лидери Иса Шейшенкулович жана башка социал-демократтар баштаган активдүү мүчөлөрдүн салымы чоң болгон.

Жакшы иштердин автору жалгыз өзү болуп, КСДПнын бүгүнкүдөй кризиске кептелгенине башкаларды күнөөлөгөнгө өттү. Бул туура эмес.

Кайсыл гана партия болбосун, анын жакшысына да, жаманына да, партиянын лидери жоопкер.

Кыргызстандагы алдыңкы партияларлын бири, өзүм жан дилим менен аралашып, калыптандырган уюмдун учурдагы абалы жүрөгүбүздү оорутуп, бир чети зээниңди кейитип турат.

КСДПнын тегерегинде болуп жаткан окуялар мамлекеттин расмий келечегине кедергисин тийгизет.

Мен өмүр бою КСДПда мүчө болуп жүрөм деп ойлогом. Ага чейин бир да партияда мүчө болгон эмесмин. Бирок “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ушул экен. Мен өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган инсан катары Кыргызстан социал-демократтар партиясынан чыгуу чечимимди кабыл алганымды расмий жарыялайм.

Кыргызсандын мындан аркы өнүгүү жолу жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы тараза ташына коюлуп жаткан шарттарда бул кадамым туура деп эсептейм. Ал эми депутаттык ишмердүүлүгүм парламенттик фракцияда уланат.

Ушул жылдар аралыгында бирге болгон партиялаштарыма, ишеним арткан шайлоочуларыма колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, таазим этем.

Кудайым буюрса мындан ары да Жогорку Кеңештин депутаты катары элге кызмат өтөй берем. Буга менин билимим, тажрыйбам, кайратым да жетет.

Мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн талыкпаган эмгегибиздин акыбетин көрөлү! Кыргызстаныбызды, элибизди жараткан өзү колдосун!-деди кайрылуусунда Асылбек Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты