Экономика министрлиги Казакстандын Кыргызстанда лицензияланган товар ташууну чектөө планы боюнча билдирүү жасады

  • 2 месяца мурун

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда лицензияланган өнүмдөргө тыюу салуу боюнча казак өкмөтүнүн планы тууралуу билдирүү жасады.

Мекеменин билдирүүсүндө Казакстандын Соода жана интеграция министрлигине караштуу Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин тиешелүү токтом долбоору Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында шайкештикти баалоо боюнча документтерди тааныбоо үчүн прецедент түзүшү мүмкүн экени белгиленген.

«Бул долбоордо ЕАЭБдин ички рыногунун ишине карата тоскоолдуктардын белгилери бар жана алар биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ишкерлеринин ички рынокторго кирүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеген тоскоолдук катары каралат» деп жазылган билдирүүдө.

Ошол эле маалда министрлик шайкештикти баалоо жол-жоболорундагы бузууларды болтурбоо үчүн бир катар чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

«Бул маселени чечүү үчүн Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу департаменти, ошондой эле ЕАЭБдин бардык кызыкдар тараптары менен консультацияларды өткөрөт» деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Казакстан Кыргызстанда лицензияланган өнүмдөргө тыюу салууну пландап жатканы 12-мартта белгилүү болгон. Казакстандын Соода жана интеграция министрлигине караштуу Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин тиешелүү токтом долбоорунда 2024-жылдын 1-июлунан тартып ЕАЭБ KG (Кыргызстан) номурлары бар шайкештикти баалоо документтери менен коштолгон өнүмдөрдү Казакстанда жүгүртүүгө тыюу салуу сунушу жазылган.

Мекеме бул сунушун Кыргызстандын сапатты камсыздоо органдары шайкештикти баалоо боюнча документтерди «текшерүүсүз жана мыйзам бузуулар менен» берип жатканы менен түшүндүргөн.

Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБдин мүчөлөрү болуп саналат. Бул өлкөлөргө товарларды бажы төлөмүсүз ташып келүүгө жана транзитке мүмкүндүк берет. Бирок эки өлкө жакын болгонуна карабай, соода жүгүртүү төмөн бойдон калып келет. Маал-маалы менен кыргыз-казак чек арасында узундугу бир нече чакырымга созулган оор жүк ташуучу унаалардын кезектери пайда болуп, бир нече күн тыгын жаралган учурлар арбын.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты