Amnesty international эл аралык уюму эркиндикти чектеген мыйзамдарды кайра карап чыгууга чакырды

  • 3 месяца мурун

Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty international) кыргыз бийлигин жарандык коомдун эркиндигин чектеген мыйзамдарды кайра карап чыгууга чакырды.

«Бийлик жарандык коом менен мазмундуу диалог жүргүзүп, адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керек. Алар ошондой эле сөз эркиндиги, тынч чогулуштар корголгон жана урматталган чөйрөнү түзүүгө тийиш» деп айтылат аталган уюмдун сайтына 8-февралда жарыялаган макалада.  

Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мэйзи Вейхердинг акыркы окуяларды Кыргызстандын жакынкы тарыхындагы эң репрессиячыл учур катары баалаган.

Ошондой эле бийлик 2021-жылдан берки аракеттери оппозицияны муунтуу жана адам укуктарынын кепилдиктерин бузуу катары сыпатталган.

Макалада «Азаттык» радиосунун сайтынын 2023-жылдын апрелинен июль айына чейин жабык турушун, Kloop басылмасынын сайтына бөгөт коюлушун, иликтөөчү журналист Болот Темировго байланышы бар 11 журналисттин камакка алынышын мисал келтирген.

Өкмөт сунуш кылган «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндө мыйзамдын долбоору ушул тушта парламенттин комитеттеринде каралууда. Сөз эркиндигин чектөөгө жол ачылышы мүмкүн деген документтин айланасындагы талкуулар бир жылдан бери кызуу талкууланып жатат. Бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзамды кабыл албоого чакырып келатышат.

Ошондой эле коомчулукта “Чет элдик өкүл жөнүндө” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор да бейөкмөт уюмдардын ишмердигине коркунуч жаратат деп сынга алынып келатат. Эл аралык коомчулук бул мыйзам долбоорун да кабыл албоого үндөйт.

Сот чечими менен 2022-жылдын март айынан бери Бишкектин борбордук аянттарында жана башка бир катар жерлерде тынч акцияларда өткөрүүгө тыюу салынып, митингдерди Горький гүлбагында гана уюштурууга уруксат берилген.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты