Батыш өлкөлөрдүн элчиликтери «Чет элдик өкүл» мыйзамы боюнча тынчсыздануусун билдирди

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңеште «Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Канада Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШнын элчиликтери биргелешкен билдирүү жарыялап, тынчсыздануусун билдиришти.

«Мыйзам долбоорундагы жоболор коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын эркин иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат, эл аралык ченемдерге каршы келет жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен тургундарынын жашоосун жакшыртуу үчүн жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүзгө коркунуч туудурат» деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Анда бейөкмөт уюмдар мамлекеттин каршылаштары эмес, алар демократияны куруудагы өнөктөштөр экени да жазылган.

АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери президент Садыр Жапаровду жана Жогорку Кеңешти өлкө ичиндеги жана башка тынчсызданууларды эске алып, бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырды.

14-мартта «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» же «Чет элдик өкүл» деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна «макул», беш депутат «каршы» добуш берди. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 14-мартта онлайн брифингде «Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам жарандык коомдун ишмердигине коркунуч жаратпайт деп билдирди. Байсалов мыйзам долбооруна карата айтылып жаткан сындар менен кооптонууларды четке какты.

Мыйзамга ылайык, «Чет элдик өкүл» деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репрессивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле «бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына» түртөрүн эскерткен. 180 уюм аталган мыйзам долбоорун колдобоого чакырган.

Сүрөт: vlada.mk

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты