Баткен облусунда күйөөсү аялынын өлүмүнө шектелүүдө

  • 4 месяца мурун

Баткенде күйөөсү аялы менен уруша кетип, аялын муунта баштаганда, ал ошол жерден жан берген .

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя Ирелеш айылында 2-январда болгон.

“Баткен облусунун Ирелеш айылында 22 жаштагы А.Г. күйөөсү, 32 жаштагы Ж.Г. менен көчөдө бара жатып уруша кетишкен. Күйөөсү аялын муунта баштаганда, аялы ошол жерден жан берген» деп айтылат маалыматта.

Алар кулагы укпаган жана көзү көрбөгөн майып адамдар болгондугу, алардын эки кызы бар экендиги белгиленди.  

«Айкыз Калмурза кызы 2001-жылы Баткендин Кара-Бак айылында туулган. 2017-жылы, 16 жашында Кадамжай районунун Масалиев айылына турмушка чыккан. Кырчындай кезинде зомбулуктун курмандыгы болгон шордуу келиндин сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Бакка 3-январда коюлду. Анын артында калган үч жашар кызы тайларынын, ал эми алты жашар кызы чоң энесинин колунда калды» деп жазды «Азаттык».

Маалыматка караганда ал келин буга чейин күйөөсүнөн токмок жеп келген. Ооруканага да жатып чыккан. Бул тууралуу милицияга кайрылганда, чара көрүлбөгөнү айтылууда.

Ж.Г. аттуу күйөөсү шектүү катары камакка алынып, а тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: Шектүү. Баткен ОИИБ тарабынан берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты