Тажик тарап чек арадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты
- 5 лет мурун
Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери башкармалыгы билдирүү таратты. Анда чек арада кырдаал оор экенин маалымдады.
«14-мартта Исфаранын Ворух жамаатына кире бериште топтолгон Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары делегация өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө жолтоо болушту. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да чогулган аксайлыктар жолду жаап, тажик жарандарын таш менен ургулашкан» деп айтылат.
Тажик тарап бул күнкү тирештен Ворухтун Тидон участкасынын 1982-жылы туулган Расулиддин Тешаев аттуу тургунуна ок тийип, алган жараатынан окуя болгон жерде каза тапканын, 2003-жылы туулган Ансориддин Хайдаровдун оң колуна ок тийип, жергиликтүү ооруканада дарыланып жатканын кошумчалаган. Андан мурда да бир адамдын каза болгон маалымдалган.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат.
Бейшембидеги чатакта жараат алган кыргызстандык адам милиция кызматкери экени аныкталды. Баткен ИИБ ал тажиктердин огунан жарат алганын билдирген.
13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.
Тажик тараптын расмий билдирүүсүндө «Кыргызстан Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун өкмөт аралык протоколду бузуу менен куруп баштаганы» айтылган.
Кыргызстан жолдун курулушун мыйзамдуу деп эсептейт.
Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын соңку билдирүүсүнө комментарий бере элек.