​“Уялчаак” келиндин аң-сезими ойгонду

Санжи Туйтунова 8-марттагы марш өзүнө окшогон «уялчаак» келиндин аң-сезимин ойготуп, зомбулуктан куткарып калганы чоң олжо деген ойдо.

… Мадина» базарынын жанындагы аялдамада турганбыз. Айдананын атасы жанымда болчу. Өзүнөн өзү эле зиркилдеп, ызырынып жаткан. «Сенин төркүндөрүң да адамбы, шакалдар» деп сөгүнүп. Болбосо менин төркүнүмдүн үйүндө жашачубуз.

“Айтып жүргөн сөзүң” деп, унчуккан эмесмин. Чөнтөгүмдө 100 сом бар болчу. Маршрутка келе жатканда ошону алып чыктым.

«Сен акча жок дебедиң беле?» деп бетке чаап жиберди. Көзүмөн от чагылып, мурдуман кан булактай атты.

Ошондо аялдамада жайнап турган толтура эркектин бири да арачалап койгонго жараган эмес. Цирк көргөнсүп карап турушкан.

Кыш кычырап турган эле. Мурдуман аккан кан курткама сиңе бериптир. Кочуш толо кан муздап, караңгыда үйгө калтырап үшүп араң келгем.

Эртеси эки көзүмдүн асты көгөрүптүр, көрсө мурдум сынган экен. Ошол окуяны эстеген сайын кандын жыты менен даамы күнү бүгүнкүдөй оозума келет.

Мен азыр ошондо милицияга арыз жазбаганыма, каада-салтты сактап, элден уялганыма өкүнөм. Негизи көчөдөн көп эле жолу урду. (Алардын ар бирин жазсаң, китеп болчудай). Бирок азыркыга чейин анын ата-энеси, туугандары «Жакшы болсоң таяк жемек эмессиң» деп өзүмдү гана күнөөлүү кылып келет.

8–марттагы маршка, ЛГБТ өкүлдөрүнө, феминисттерге рахмат. Силердин маршыңар жок дегенде мага окшогон бир «уялчаак» келиндин аң-сезимин ойготуп, зомбулуктан куткарып чыкканы чоң олжо.

Аялды аял гана түшүнүп, анын укугун аял гана коргой алат экен. Баса, Бүбүсара Рыскулова, Сүйүн Курманова, Чолпон Орозобекова эжелерге ыраазылык билдирем.

Боюмда бар кезде урганда «Сезимге» барып үч күн жаткам. Ошондо эле ажырашып кетсем болмок экен.

… Мен эми унчукпай кое албайм, жаным ачып турат!

Санжи Туйтунова, журналист

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты