Акыйкатчы институту  балдарды жана аялзатын зомбулуктан коргоо үчүн жаңы багытты ишке киргизүүдө

  • 1 год мурун

Акыйкатчы институтунда Атыр Абдрахматова балдарды жана аялзатын зомбулуктан коргоо үчүн ишмердүүлүктүн жаңы багытын киргизүүдө.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

“Көз карандысыз эксперттер жана адвокаттар, мамлекеттик органдар менен бирге конкреттүү түрдө ар бир аялзаты жана баланын кызыкчылыгын коргоп, зомбулуктун башынан аягына чейин иштешебиз. Бул зомбулуктан коргой турган мамлекеттик системаны натыйжалуу жана ар бирине жеткиликтүү кылууга жардам берет” деп билдирди Акыйкатчы Абдрахматова.  

Акыйкатчы институту балдарга жана аялзатына жасалган зомбулуктун өсүшүн жана ар кандай укук бузуунун көп болуп жаткандыгын белгилейт.  Акыйктачы институтуна жылына мындай кайрылуулардын саны 200 дөн ашат. Бул сан дагы толук эмес, себеби зомбулукка кабылганардын баары эле кайрыла бербейт.  

Көз карандысыз эксперттер балдарга жана аялзатына жасалган зомбулуктун 60%дан ашыгы жашыруун боюнча каларын белгилешет. Себеби запкы көргөндөр кайда кайрыларын билбейт же укук коргоо органдарынын адилет териштиришине ишене бербейт.

Ошондуктан Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жаңы багытты киргизип жатат, бул балдарга, аялзатына зомбулук көрсөтүлгөн күндөн баштап, өкмөттүк эмес уюмдар жана мамлекеттик органдар менен бирге, ал окуяны коштоп жүрүү, аларга юридикалык, социалдык жана психологиялык жактан натыйжалуу жардам көрсөтүү болуп саналат.  

Сүрөт: Акыйкатчы басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты