Дастан Бекешев: Зордук-зомбулуктун алдын алуу аракетин көрүш керек (ВИДЕО)

Бизде сот акыйкат, адилеттүү болсо,  чечимдерди коррупция менен байланыштырбай чыгарса, ойлонсо болот эле. Эмоция менен мен да кээ бирде, кылмыш жасаган кишилерди өлтүрүш керек, булар адам эмес деп айтам. Бирок бүт баарын эске алсак, чындыгында туура болбойт.

Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-Тет” берүүсүндө билдирди.  

-Акыркы кездерде биз массалык маалымат каражаттарынан үрөй учурган жаңылыктарды көп окуп жатабыз. Зордук-зомбулук күчөөдө.

Мурда массалык маалымат каражаттарына чыкпай, милиция аларды каттабай жүргөн, азыр бүт баары эле жарыяланып жатат. Бирок булар терс жаңылык болсо дагы жакшы көрсөткүч, анткени коомчулук реакция кылса,  укук коргоо органдары, бийлик өкүлдөрү да реакция кылат.

Өлүм жазасы тууралуу дайыма эле талкуу болууда. Мен 2010-жылдан бери 12 жыл депутат болуп келатсам, ошондон бери эле талкуу болуп келе жатат. Чындыгында миң жыл мурун да, миң жыл кийин да болот, кайсы өлкө болбосун, ушундай талкуулар бар. Себеби зөөкүр, кылмышкерлер, тилекке каршы, бизде аз эмес. Кээде өтө оор кылмыш аракеттерди кылышат. Ошондо өлүм жазасын киргизелиби, эмне кылабыз деген маселе жаралат.

Бизде сот акыйкат, адилеттүү болсо,  чечимдерди коррупция менен байланыштырбай чыгарса, ойлонсо болот эле. Эмоция менен мен да кээ бирде, буларды өлтүрүш керек, кылмыш жасаган кишилерди булар адам эмес деп айтам.. Бирок бүт баарын эске алсак, чындыгында туура болбойт.

Соттор жакшы иштейт деген Америкада дагы сот каталары болуп, кээ бир күнөөсүз кишилер өлүм жазасына тартылып калган.

Совет учурунда Чикатило деген маньяк эмес, биринчи күнөөсүз киши өлүм жазасына тартылып кеткен. 

Бизде башкы прокурор, Президент оор кылмышты жеке көзөмөлгө алдым деп айтат го, менимче жеке көзөмөлгө укук коргоо органдарында болгон иштерди алыш керек.  Себеби кээ бир учурларда милиция кызматкерлери зомбулук болсо да, каттабай, каттаса дагы жакшы карабай, кээде аялдарга шылтап, күлүп, “зордукчу менен жашап албайсыңбы, балалуу болосуңар” деп, туура эмес кеңештерди бере баштайт. Ошон үчүн кылмыш жасагандар “жоопкерчиликке тартылбайм” деп экинчи, үчүнчү жолу да ошондой кылмыштуу жолго бара берет.  Бирок кийинки жолу алар оор кылмышка барышат. Менимче, проблема — ошондо.

Алдын-алуу аракеттерин жасаш керек. Мектепте кыздарга, дегеле аялзатына кандай мамиле жасоо керектиги боюнча сабактарды өткөрүш керек. Кыздарга дагы «силерге кимдир-бирөө тийишсе, кандай мамиле кылыш керек» деп, уялбай эле айтыш керек.

Мамлекеттик деңгээлде мобилдик тиркеме болуш керек. Азыр баарынын чөнтөгүндө мобилдик телефон бар. Чөнтөк телефонго мобилдик тиркемени салып, бирдеме болсо, билдириш керек. Анда дароо милиция локация аркылуу барып жардам берет, -деди депутат Дастан Бекешев «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүндө.

Кийинки кезде коомчулукта зордук-зомбулук фактылары күчөп жатат

 Жакында эле Кадамжайда 14 жашар кыздын бир канча киши тарабынан зордукталып жана мыкаачылык менен өлтүрүлүшү өлүм жазасын киргизүү маселесин кайрадан козгоду.  

«Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот» деп айткан мамлекет башчы Фейсбук баракчасы аркылуу тараткан билдирүүсүндө.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты