Парламентте президенттин алдында аялдар комитетин түзүү сунушталды

  • 1 год мурун

 Бүгүн, 9-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова президенттин алдында аялдар комитетин түзүү сунушун билдирди

Парламент жыйынындагы кайрылууда депутат аялдарга жана балдарга зордук-зомбулук үч эсе жогорулаганына байланыштуу, абалды жөнгө салуу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

“Керектүү мыйзамдар кабыл алынганына карабастан, тиешелүү мамлекеттик аткаруу органдары тарабынан аялдардын, балдардын коопсуздугун алдын-алуу иштери жеткиликтүү жүргүзүлбөй келет. Андан тышкары, мамлекеттик деңгээлде идеологиялык системдүү иш-аракеттин жоктугунан аялдарды жана балдарды радикалдуу диний топторго тартуу коркунучу өсүүдө. Андыктан көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүү үчүн бир катар натыйжалуу чараларды көрүү зарыл. Тактап айтканда, гендердик теңчиликке жетишүү боюнча саясатты жана механизмдерди актуалдаштыруу учур талабы” деди депутат.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укугун коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу да учкай кеп кылган Шарапаткан Мажитова аталган кеңеш президенттин алдында да Аялдар комитетин түзүүнү сунуштап жатканын маалымдады.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты