Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Аселдин иши боюнча тергөө аяктаганы айтылды

  • 4 месяца мурун

Мурдагы күйөөсү кулакмурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын иши боюнча тергөө аяктады.

Бул тууралуу анын адвокаты Индира Саутова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, тергөөгө чейинки көрсөтмөлөрдү текшерүү иштери калган.

Мурдараак Асел Ногойбаева айыпталуучунун адвокаты келбей жатканына байланыштуу көрсөтмөлөрдү текшерүү үч жолу кийинкиге жылып калганын айткан.

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камаган.

Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.

Мындай чечимге каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда чукул каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.

Судья Токтомаматов президенттин жарлыгы менен 1-ноябрда кызматтан алынган.

Башкы прокуратура Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген.

Тартип комиссиясы үч судьяга тең сөгүш берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты