Депутат Талиева кызын сабоого шектелип камалган аялдын маселесин көтөрдү

  • 1 год мурун

Парламенттин жалпы жыйынында Баткен облусунун Кадамжай районунда кызын сабоого шектелип бир айга камакка алынган аял тууралуу маселени бүгүн, 2-февралда, парламенттин жалпы жыйынында депутат Камила Талиева көтөрдү.

“Зомбулукка туш келгени аз келгенсип, психологиялык жардамга муктаж болуп, атасынан, инисинен ажырап, ал аз келгенсип, жарандык күйөөсү тарабынан ыдык көрүп турганда, жарандык күйөөсү баламды урду деп сотко берип, ал аял камалып отурат. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялды колдоп чыгалы.

Ал — аял эне, психологиялык жактан оор абалда турганда баласын уруп койгондур. Бирок аялды камап, балдарынан ажыратып коюу туура эмес. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне, мыйзамдык зомбулукка кабылбашы керек. Кичине жеңил чара көрүп, коомчулук жардам берсек” деди депутат.

Милициянын маалыматына караганда, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз менен кайрылып, аялы кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

Ал ошол эле райондун Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон. Келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp менен жиберген.

Аьалган окуя боюнча баласын сабоого шектүү аял бир айга камакка алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) менен кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты