​Депутаттар жана Суу кодекси: муз үстүндөгү жаңы цирк

Кыргызстандын парламентинде Суу кодексине кайрадан түзөтүү киргизишмекчи, бул жолу мөңгүлөргө байланыштуу. Учурда иштеп жаткан мыйзам Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн башка республиканын 8 миңден ашуун мөңгүсүн коргойт.

“Коргойт” дегенибиз, мөңгү жанында өндүрүш иштерине тыюу салууну гана айтып жатабыз, себеби көрүнүп тургандай, башка нерселерден – ошол эле күн нурунан адам баласы мөңгүлөрдү коргой албайт экен.

Ал эми Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү алтын казып алуучу, өлкөнүн бюджетин жасоочу ишканасы болгон Кумтөрдүн концессиясынын аймагында жайгашкан. Буга карабастан “Ата Мекен” парламенттик фракциясы бул эки мөңгүгө берилген артыкчылыктарды алып салып, башкача айтканда, өлкө экономикасына зор салымын кошуп жаткан Кумтөрдү жаап салууну сунуштап жатат.

Талаш-тартыштуу түзөтүүлөрдүн себебин депутаттар мөңгүлөрдү коргоп калуу максатында кабыл алынып жатат деп түшүндүрүүдө. Бирок, адистердин айтымында, мындай коргоо талаш-тартыштуу – мөңгүлөр эрип жатат. Мунун баары Кумтөрдүн айынан эмес, глобалдуу жылуулуктун айынан болуп жатат. Атмосферанын жерге жакын катмарынын температурасы өсүүдө, ошондуктан мөңгүлөр ылдамдык менен эрүүдө. Мындай процесс, албетте, жалаң гана Кыргызстанда эмес, бүткүл жер жүзүндө жүрүп жатат.

«Мөңгүлөрдүн артка чегинүүсү климаттын глобалдык жылып кетишинен улам болуп жатат, – дейт окумуштуу-гляциолог Рыскул Усубалиев. – Кумтөрдөгү мөңгүлөр кирген Ак-Шыйрак тоо кыркасынын 200дөн ашуун мөңгүсү ылдамдык менен артка чегинүүдө. 2003-жылы тоо кыркасынын мөңгү системасы 373,2 чарчы километрди түзчү, 2013-жылы ал 351 чарчы километрге жетип калды».

Мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн жаан жаашы керек, ал эми азыр алардын саны кыскарууда, температура болсо жогорулап жатат. Ошондуктан, адам баласы бул процессти токтотууга алы жетпейт. Бир гана кыйыр ыкма бар – буулануу эффектисин берген буулануу газдары менен атмосфераны булгоочу заттарды иштеп чыгууну азайтуу. Ушинтип гана биз климаттын жылып кетүүсүн азайтууга таасир тийгизе алабыз. Климатологдордун айтымында, 2050-2060-жылдары Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн жарымы эрип жок болот, ал эми 2100-жылы бир дагы мөңгү калбай калат.

Эколог Елена Кутманованын пикиринде, Кыргызстандын дагы бир алтын кени Жерүйдө Кумтөрдүн ачуу тажрыйбасын пайдаланып, 2017-2018-жылдары Жерүй дарыясынын нугунда орун алган 9 мөңгүсүн тактап иликтеп чыгышкан.

«Изилдөө көрсөткөндөй, СССРдеги 1968-жылдын мөңгүлөр каталогуна салыштырмалуу, мөңгүлөрдүн аянты 40-60 пайызга азайган. Ошол тогуз мөңгүнүн экөө жок болду. Ал эми кен чыккан жер иштей да элек, ал жерге адам буту тийе да элек», – дейт эколог.

Гляциолог Рыскул Усубалиевдин айтымында, Кумтөрдүн концессия аймагына үч мөңгү – Лысый, Давыдов жана Сары-Төр кирет. «Бирок мөңгүлөрдүн баарына эле таасир этилбейт, иш негизинен Давыдов мөңгүсүнүн жанында өтөт. Ал эми мөңүлөрдү бириктирген жер бүтүн турат», – дейт гляциолог.

Давыдов мөңгүсү тикеден-тике карьердин үстүндө, алтын казылып жаткан жерде жайгашкан. Ал такай жылып, карьерге түшүп келе жатат, ошондуктан муз массасын башка жерге ташып туруу керек – мына ушуну таасир этүү деп жатышат. Музду ошол эле белгиге, башка тоо бооруна ташып барып, үстүнөн жарым-жартылай бош тек менен жаап коюшат. Ошентип, мөңгүнүн бул массасы таш глетчерине айланып, күндүн экспозициясы кеткен мөңүглөрдөн айырмаланып, муз негизинен эрүүдөн сакталып калат.

Музду ташыбаса, мөңгү карьерге жылып түшүп, аны толтуруп салат. Алтын казып алууга мүмкүн болбой, Орто Азиядагы эң ири алтын кен өндүрүшү бир нече айдын ичинде муз астында калмакчы. Теориялык жактан алганда карьерди тазалап, ишкананын ишин калыбына келтирсе болот. Бирок бул иш эң аз дегенде 400 миллион долларга чыкмакчы. Бир да инвестор мындай каражатты сарптоого даяр эмес, себеби мунун рентабелдүүлүгү жок.

Эми Суу кодексине түзөтүүлөрдү киргизип жаткан депутаттарды эстейли. Ушул темага арналган жакында өткөн кереге кеңеште Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин мүчөсү Рада Туманбаева чыгып сүйлөдү.

«Мен дайыма экология үчүн чыгам, экономикабыз өнүккөнүнө карабастан, акыркы жылдары өлкөбүздө экологиялык аспектилер эске алынбай келет. Бир нерсе болгондо гана экологияны эстейбиз. Экономикалык жагдай болгонуна карабастан, бул мөңгүлөрдү пайдаланууга мен каршымын. Биздин негизги байлыгыбыз – таза суу ресурстары, ал эми мөңгүлөр бизге таза ичүүчү сууну берет. Бул мөңгүлөрдү экономикалык максатта пайдаланууга мен дайым каршы чыкчумун, алар элдин байлыгы», – деди депутат.

Биринчиден – мөңгүлөр бизге таза суу бербейт. Ичүүчү суу – жер алдындагы скважинадан чыккан суу, мөнгү суусу – кир. Гляциолог Рыскул Усубалиевдин айтымында, Тянь-Шань толугу менен Борбор Азиянын чөлдөрү, талаалары менен курчалып, мөңгүлөрдү чаң менен басат. Советтер Союзунун маалыматтары боюнча, жылына биздин мөңгүлөрдүн бир чарчы метри 60 грамм чаң менен басылат. Бул миңдеген тонна чаң. Ошондуктан мөңгү суусу ичүүгө жараксыз. Чаң жана кирден башка ал жерде адам организмине керек болгон минералдар жок. Аны ичүүгө жарактуу кылыш үчүн, мөңгү суусу бир нече километр агып өтүп, тазаланып, пайдалуу заттарды өзүнө топтошу керек. Ошондон кийин гана аны ичүүгө болот.

Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү кантип сактап калгыңыз келип жатат, глобалдуу жылуулуктан коргонуу үчүн кандай технологияларды колдонуу керек деген суроолор депутатка узатылды. Себеби, кен казып алуучу жай жабылгандан кийин деле мөңгүлөр эригенин токтотпойт – башкача айтканда, эч нерсе өзгөрбөйт.

«Азыр технологиялар өнүгүп келе жатат, муну башка ыкмалар менен деле жасаса болот. Балким бир жерде илимий жактан далилденген. Мен адис эмесмин, мен аны саясатчы катары жаап жатам, өз денем менен коргоп жатам», – деп жооп берди депутат.

Саясатчылар мөңгүлөр үчүн өз денесин аябаганы түшүнүктүү, бирок бул жерде бир гана денелер жетиштүү болбойт го. Алар Бишкекте кыйылып жаткан бак-дарактарды ушундай жигери менен коргоп чыгышса, балким ишке ашмак – жолдорду кеңейтип, бак кыйылып жатканда, ар бири жок дегенде бир талды коргоп калууга кудурети жетмек. Же Ысык-Көлгө таштандыларды төккөн пансионаттарды кыдырып чыгышса болмок. Же таштандылар менен күрөшсө болмок. Жок. Келгиле, болбогон нерселер менен, түшүнүксүз ыкмаларды колдонуп күрөшөлү. Ошентип, күрөш үчүн жүргөн күрөш уланууда.

Кайрат Бирикбаев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты