Динара Кутманова 9-октябрга чейин абакта болот

  • 9 месяцев мурун

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылды. Анын бөгөт чарасы 7-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылды. Анын бөгөт чарасы 7-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Атайын кызмат 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Ал кармалгандан кийин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 8-августка чейин камакка алуу чечими чыккан.

УКМКнын маалыматы боюнча, Динара Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган деп айыпталууда.

Үч жыл ичинде министрликке болжол менен 969 миллион 568 миң сом бөлүнгөнү, анын 180 миллиону бул министрликтеги муктаждыктар үчүн мамлекеттик сатып алууларга жумшалганы айтылды. Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

УКМКнын ырасташынча, жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылган. Алардын ичинен Кутманованын уулуна эл аралык издөө жарыяланып, Түркияда кармалган соң депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген.

Динара Кутманова буга чейин айтылган дооматтарды четке каккан.

Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты