Ташиев Кумтөргө байланыштуу 20га жакын мамлекеттик кызматкер жоопко тартылганын билдирди

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр ишине байланыштуу 20га жакын мамлекеттик жооптуу кызматкерлер жоопко тартылганын билдирди.

«Кумтөр маселеси боюнча биз эки президентти, төрт премьер-министрди, эки спикерди, ондон ашык мамлекеттик кызматкерлерди, жалпысынан 20га жакын мамлекеттик кызматта иштеген чоң кызматкерлерди жоопко тарттык. Ошонун негизинде Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алдык» деди ал.

Камчыбек Ташиев бул тууралуу 28-ноябрда Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты.

Ташиев жоопко тартыла тургандардын арасында мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов болгонун, бирок анын кылмыш иши далилденбегендиктен жалгыз акталып чыккан адам болгонун билдирди. Мындан сырткары Өмүрбек Бабанов жакында эле мамлекетке жардам иретинде 1 млрд сом бергенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын Өмүрбек Бабанов куруп берген. Ага 1 млн АКШ долларынан ашуун каражат сарпталган.

Кыргызстанда алтындын кору боюнча биринчи орунда турган Кумтөр кенинин иши боюнча бир топ чоң кызматкерлер камалып чыкты. Айрымдарынын кылмыш иши кыскарып кетсе, айрымдарыныкы белгисиз.

Улуттук коопсуздук комитети Өмүрбек Бабановду 2021-жылы 31-майда кармаган. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө саясатчынын күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген.

Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атаган. 2021-жылы 27-июлда ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулуп, дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен жана ошол жылы сентябрда Кыргызстанга кайтып келген.

Сүрөт: Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имараты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты