“Жасакерликтин да чеги болуш керек”. Мөңгүлөргө араб лидерлеринин атын ыйгаруу сунушу тууралуу

Жогорку Кеңештин 8-июнундагы жыйынында Кыргызстандын мөңгүлөрүнө Бириккен Араб Эмиратын негиздеген, БАЭнин биринчи президенти, айтылуу шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын жана Сауд Арабиянын негиздөөчүсү, биринчи королу Абдулазиз бин Абдуррахман Аль Сауддун ысымдарын ыйгарууну Министрлер кабинетинин сунуштап. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште каралды. жана биринчи окууда өттү.

Депутат Адахан Мадумаров бул демилге боюнча оюн мындайча билдирди:

-Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын атынан чоку барбы? Кыргыздын канча залкарлары,  акын-жазуучулары бар, Токтогул, Барпы, Тоголок Молдо чокусу деп койсо жарашпайбы? Жасакерленгендин да чеги болуш керек. Ойлонуш керек, -деди депутат Адахан Мадумаров  

-Урматтуу кесиптештер, бул улуттун, мамлекеттин маселеси, ариет, намыстын маселеси. Эмнеге Калыгул чокусу деп койсок жарашпайт? Эмнеге Чолпонбай Түлөбердиев деп, Осмон Жакыпов, Мамасалы Тешебаев десе жарашпайт? Мен канчалык колдоого ээ болом, билбейм, бирок менин жүрөгүм сыздап отурат,- деди депутат Мадумаров.

Депутат Мурат Мураталиев да мөңгүлөргө баатыр аталарыбыздын аттарын койсок болмок деп билдирди.

Депутат Мирлан Самыйкожо да жогорулагы пикирлерди колдоду:

Ошондой эле Мирлан Самыйкожо Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү бар болчу, алар “Центеррага” белекке бергенден кийин жоголуп кеткенин айтты.  

Депутат Балбак Түлөбаев мөңгүлөргө аты берилип жаткан араб лидерлерин да, чет өлкөлүк лидерлерди да сыйлай жүрүш керек экенин билдирди.

-8 миң чокунун бирине алардын лидерлеринин атын берип койсоңор, андан эмнеңер кемип калат, -деди депутат Түлөбаев.

Депутат Жусуп Коргонбай уулу Кыргызстандагы 8 миң мөңгүнүн бирине араб лидерлерин атын берип коюу сунушун колдоду.

Жыйынтыгында Кыргызстандын мөңгүлөрүнө БАЭнин биринчи президенти, шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын жана Сауд Арабиянын негиздөөчүсү, биринчи королу Абдулазиз бин Абдуррахман Аль Сауддун ысымдарын ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Сүрөт: kenesh.kg

ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты