Президент Кутманова тууралуу: «Кумтөр» маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз?

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда, «Кабар» агенттигине берген маегинде мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын учурунда кызматта тургандарга кылмыш ишинин козголушу, кармалышы жана экс-министр айымдын уулун Түркияда кармап кетти деп айткандары боюнча суроого жооп берди.

Мурдагы министр Динара Кутманова тушунда кызматта тургандардын бир катарына, анын жакындарына кылмыш иши козголду, кармалды. Динара Кутманова убагында сизди «Кумтөр» маселесинде катуу колдоп, кийин сиз бийликке келгенде жалгыз айым министр болуп иштеп, ишмердүүлүгүнө карата ар кандай пикирлер айтылып келди. Ага кылмыш иши козголду. «Баламды бандиттер уурдап кетишти, акча талап кылып атышат» деп да чыкты. Ушул боюнча сиздин пикир кандай?

— Баласын эч кандай эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам «спектакль уюштуруп атышыптыр» дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. Мага жеткен маалыматтар боюнча «Кумтөрдөн» жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур» деп атышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот, -деп жооп берди президент.

Мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин дооматтарын четке какты.

Ал “Азаттыкка” комментарий берип, өзү тууралуу бийлик жетекчилерине бир жактуу, туура эмес маалымат жеткирилип жатканын айтты.

Кутманова ошондой эле жаратылыш фондунан каржыланган 110дой долбоор натыйжасыз болгону жана туугандарын, жакындарын кызматка койгону жөнүндө сөздөрдү жокко чыгарды.

“Жетекчилерге туура эмес маалымат берип, мени жаманатты кылып жатышат. Мен Камчыбек Кыдыршаевичке түз кайрылам, мени кабыл алып, менин жүйөмдү дагы угуп, объективдүү карап берсин. Буга чейин министрликти пландуу түрдө текшерип жатышкан. Корко турган эч нерсе жок, мыйзамсыз эч нерсе жасаган эмесмин деп отургам. Бирок бул жерде баары башкача болуп кетти. Бул жерде 110 долбоордун бирөө дагы натыйжасыз дегенге макул эмесмин. Ал долбоордун баары эки-үч жылдык долбоорлор, эми гана башталды. Ал жерде мэрияларга, айыл өкмөттөргө техника алынган. Лаборатория ачканбыз. Чоң-чоң бактарды тиккенбиз, анын баары телевизордон көрсөтүлгөн. Кызын, тууган-уругун аралаштырып алган деген сөздөр дагы жалган. Менин кызым жок, эки уулум бар” деди Кутманова.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “коррупцияга” аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбайт деп эскерткен. Буга байланыштуу экс-министр Динара Кутманованы мисалга алып, аны Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган.

Кутманова министр кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган жана ал үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ага караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул маселе боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү сегиз адам аныкталды, алардын алтоо УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда башка шектүүлөр боюнча иштер жүрүүдө жана жакын арада мурдагы министр Динара Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалууда.

УКМКнын иликтөөсүнүн натыйжасында, “Кумтөр” ишканасынан жаратылышты жана экологияны коргоого бөлүнгөн акчага каржылануучу 110 долбоордун 22си текшерилип, көбү өз максатына туура келбей турганы, кээ бирлери бюджеттик акчаны чыгарып кетүүгө шылтоо гана болгону аныкталды.

УКМК Кутманованын уулу министрликтин жана фонддун ишине кийлигишкенин, ал долбоорлорду каржылоо суммасынан 10% акчаны өзүнө алып турганын, бул үй-бүлөгө байланыштуу жалпысынан 62,5 миллион сомдук жемкорлук иликтенип жатканын маалымдады.

Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Стамбулда уурдалганы жөнүндө маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы атайын маалымат таратты.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда аны депортациялоо маселеси каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты