Финансы министрлиги Бөлтүрүктүн 100 миң доллар айлыгына байланыштуу түшүндүрмө берди

  • 9 месяцев мурун

Финансы министрлиги «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүктүн айлык акысына байланыштуу маалыматка түшүндүрмө берди.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу катары «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинен айына 45 миң доллар айлык алып турганын жазган. Мындан сырткары «Кумтөрдөгү» айлыгы 55 миң доллар экени, жалпысынан айына 100 миң доллар алып турганы жазылган. Аталган басылма бул тууралуу өз булактарына таянып жазган.
Финансы министрлиги мамлекет башчынын 2021-жылдын 29-январындагы «Тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыгы жана Министрлер кабинетинин бул реформаларды ишке ашыруу максатында ушул эле жылдын 10-декабрындагы токтому менен «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги түзүлүп, Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу анын президенти болуп дайындалганын, анын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3 400,0 млн сом бөлүнгөнүн кабарлады.
«Ушул күнгө чейин Тенгиз Бөлтүрүккө республикалык бюджеттен жана «Улуу көчмөндөр мурасынын» бюджетинен айлык акы берилген жок. Ар бир чыгашалар бухгалтердик отчёттор менен тастыкталган. Учурда Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясын жоюу иштери жүрүп жатат. Финансы министрлиги каржы маселелеринде ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин карманып келет» деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Kaktus.media басылмасынын жазганына караганда, Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, 2021-жылдын август айында Тенгиз Бөлтүрүккө «Кумтөр голд компаниден» айлык акысынын өлчөмүн 40 миң долларга чейин өзгөрткөнү, ошол эле учурда анын эмгек акысын жогорулатуу чечимине эч кандай далилдүү документтери жок экенин аныктаган. 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин Бөлтүрүктүн сый акысынын жалпы суммасы 473,2 миң долларды түзгөн. 2021-жылдын 21-декабрында Бөлтүрүк өзүнө 55 миң доллар өлчөмүндө сый акы белгилеген.

Өлкөнүн Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини» Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчётун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердиги ийне-жибине чейин эсептеп жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 миллион 45 миң сом короп, бул боюнча отчёт берилген эмес.

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган.

Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Башкы прокуратура үй камагына чыккан “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирген. Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарылганын Октябрь райондук соту билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты