​БУУ комитети Текебаевдин иши боюнча кайрылууну каттоого алды

  • 5 лет мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК экс депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча кыргызстандык укук коргоочулардын Бириккен Улуттар Уюмунун комитетине жиберген кайрылуусу расмий каттоого алынды.

Бул тууралуу “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди.

«Адилет» укук клиникасы Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо өтүнүчү менен БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине өткөн жылдын июнь айында кайрылган.

Буга чейин Текебаевдин жактоочулары да Кылмыш жана Кылмыш-жаза кодексинин жаңы кабыл алынгандыгына байланыштуу жаңы жагдайлар менен бошотулуш керек деп айтып келген.

Өмүрбек Текебаев жана аны менен бирге Дүйшөнкул Чотонов орус бизнесмени, РФ МамДуманын мурдагы депутаты Леонид Маевскийден пара алган деп коррупцияга айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Леонид Маевский Москванын Тверь соту тарабынан 37, 5 млн доллар талап кылгандыгы боюнча камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты