Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерден кыргызстандыктар алынып келинди

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 22-октябрда, “Айкөл-3” атайын гуманитардык миссиянын негизинде Сириянын түндүк-чыгышындагы легерлерде жүргөн кыргызстандыктар алынып келинди.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.   

Сириянын лагерлеринен кыргызстандык 21 аял жана 62 бала атайын борт менен Кыргызстанга жеткирилди.     

Кыргыз тарап кыргызстандыктарды сириялык лагерлерден алып келүү иш-чарасына ар тараптуу, анын ичинде, логистикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн АКШ өкмөтүнө, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Кызыл чырым эл аралык комитетине ыраазылык билдирди.  

Бул иш-чара менен катар Сириянын түнүдүк-чыгышындагы элге дары-дармек каражаттары менен гуманитардык жардам көрсөтүлгөндүгү да маалымдалды.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты