Элчи Текебаев Финляндиянын президенти Саули Ниинистёго ишеним грамотасын тапшырды

  • 7 месяцев мурун

11-октябрда Хельсинкидеги президенттик сарайдын имаратында резиденциясы Берлинде жайгашкан Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Финляндия президенти Саули Ниинистёго ишеним грамотасын тапшырды.

Ишеним грамоталарын салтанаттуу тапшыруу аземинен кийин Элчи Өмүрбек Текебаев Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушуп, анда эки тараптуу мүнөздөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар соода-экономика, билим берүү, туризм жана маданият сыяктуу тармактарда кызматташууну чыңдоонун келечеги тууралуу пикир алышты.

Жолугушууда ошондой эле элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Финляндиянын тарыхый байланышын белгилеп, тарыхта жалпы маданий мурастын маанилүү бөлүгү бойдон калчу легендарлуу фин колбашчысы, Финляндиянын болочок президенти Густав Маннергейм менен (1944-1946-жж.) 1906-жылы «Алай ханышасы» Курманжан Датканын жолугушуусу тууралуу айтып берди.

Элчи Өмүрбек Текебаев эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый байланыштарга токтолуп, бул мамилелерди сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Саули Ниинистё Кыргызстандын дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүү боюнча демилгелерине ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда элчи Өмүрбек Текебаев менен Президент Саули Ниинистё өз ара максаттарга жана кызыкчылыктарга жетишүү үчүн эки тараптуу саясий жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кыргызстандын Берлиндеги элчиси Өмүрбек Текебаев эми ишти айкалыштыруу менен Финляндиядагы да элчи болмокчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты