Берлин шаарында элчилик аймагында «Бала манасчы» айкелинин расмий ачылышы өттү  

  • 6 месяцев мурун

Берлин шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин аймагында “Бала манасчы” айкелинин расмий ачылыш иш-чарасы өттү.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги маалымдады.  

Ачылыш иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Франциядагы элчиси, бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары жана Азиз Биймырза уулу жетектеген Улуттук Манас театрынын өкүлдөрү катышты.

Мындай демилге Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев тарабынан көтөрүлгөн. Айкелди жаш скульптор Тамила Маматова жасаган.

Маалыматта айтылгандай, “Бала манасчы” — кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен көөнө маданиятын, улуттук баалуулуктарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет.

Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамы менен айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда, Германияга иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган “Бала Манасчы” айкели менен таанышкан.

Берлин шаарында элчилик аймагында «Бала манасчы» айкелинин расмий ачылышы өттү  
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты