БУУ: 2023-жыл каза болгон мигранттардын саны боюнча эң оор жыл болду

  • 2 месяца мурун

БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, былтыр дүйнө жүзү боюнча миграциялык каттамдарда бери дегенде эле 8 565 киши каза болду. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 20% көп.

«Бул сандар мигранттардын өлүмүн болтурбоо үчүн ыкчам чараларды көрүү зарыл экенин көрсөтүүдө. Коопсуз жана туруктуу миграциялык каттамдар адамдардын бардыгы үчүн эле жеткиликтүү эмес. Ошондуктан жыл сайын жүз миңдеген киши мыйзамсыз каттамдар аркылуу коопсуз шарттарда миграцияга барууга аракет кылышат», – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Мигранттар үчүн эң кооптуу каттамдар Жер ортолук деңиз аркылуу өтөт: былтыр ал жакта кеминде 3 129 адам өлүп же дайынсыз жоголгон.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун «Жоголгон мигранттар» долбоору каза болгон жана жоголгон мигранттар тууралуу маалыматтар базасы катары 2014-жылдан тарта иштей баштаган.

«Америка авазы» радиосу белгилегендей, иш жүзүндө мигранттардын арасындагы жоготуулар мындан кыйла көп болушу мүмкүн. Анткени маалыматтарды топтоодогу кыйынчылыктар каза болгон же дайынсыз жоголгон мигранттардын так санын аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Сүрөттө: Жер Ортолук деңизиндеги мигранттар. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты