Азия оюндары жыйынтыкталды: Кыргызстан командалык эсепте 25-орунду ээледи
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстандын курама командасы Жапониянын Айти префектурасы жана Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарында жалпы 14 медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 37 мамлекеттин арасынан 25-орунду ээледи.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргызстандык спортсмендер 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медалга ээ болушту.
Алтын медалды Жоламан Шаршенбеков -грек-рим күрөшү (60 кг чейин салмакта) алды.
Күмүш медалды Эрлан Шеров -дзюдо (90 кг чейин), Денис Петрашов -сууда сүзүү жана Асан Жанышов -грек-рим күрөшү (87 кг чейин салмакта) алды.
Коло медалга Акжол Махмудов -грек-рим күрөшү (77 кг чейин), Мээрим Жуманазарова -кыз-келиндер күрөшү (68 кг чейин), Раззак Бейшекеев — грек-рим күрөшү (67 кг чейин)
Кубанычбек Айбек уулу -кураш (66 кг чейин), Сыймык Жаныбек уулу — ММА (77 кг чейин), Дастан Каныбек уулу -ММА (60 кг чейин), Ырыскелди Дүйшеев — ММА (71 кг чейин), Малик Шаваев -эркин күрөш )86 кг чейин), Айпери Медет кызы —кыз-келиндер күрөшү (76 кг чейин), Абдурахман Муртазалиев -джиу-джитсу (85 кг чейин) ээ болду.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги




