Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова жана Раззак Бейшекеев үчүнчү орун алды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчулар Мээрим Жумуназарова менен Раззак Бейшекеев коло медалдын ээси болду.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Раззак Бейшекеев 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып,алгачкы беттешинде Катардын өкүлү Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда Өзбекстандын өкүлү Айтжан Халмаханов менен беттешип, 0:5 эсебинде жеңилип калган.
Коло медаль үчүн беттеште Кытайлык Ленг Жи ни 5:1 эсебинде жеңип, үчүнчү орунга ээ болду.
Мээрим Жуманазарова мелдештеги алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн.
Жарым финалда кыргызстандык спортсмен Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гум менен беттешип, жеңилип калган.
Коло медаль үчүн болгон беттеште Мээрим Жуманазарова Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңип, XX Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.
Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча (аралаш таймаш) Кыргызстандын спортчулар Дастан Каныбек уулу жана Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду. Андан кийин кыргызстандык спортчу Ырыскелди Дүйшеев коло медалды, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов күмүш медаль жеңип алган. Күрөш боюнча Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу (66кг чейин) Азия оюндарында коло медалдын ээси болду. Ошондой эле бүгүн Асан Жанышов экинчи орунду жеңип алды.
Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу бар.
Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги




