Азия оюндары: Эрлан Шеров күмүш медалдын ээси болду

Бүгүн, 2-октябрда, Жапониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын мелдешинде кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.

Ал эми Эмирхан Жолдошказиев, Айпери Медет кызы жана Малик Шаваев Азия оюндарынын коло медалына ээ болду.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.  

Шеров алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону мөөнөтүнөн мурда «иппон» ыкмасы менен жеңди.

Чейрек финалда Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда жеңип, жарым финалда Өзбекстандын өкүлү Нурбек Муртозоевду менен 1:0 эсебинде артткалтырган.

Финалда Эрлан Шеров Япониянын өкүлү Рику Окада 1:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын экинчи орунун камсыз кылды.

Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду.

Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча (аралаш таймаш) Кыргызстандын спортчулар Дастан Каныбек уулу жана Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду. Андан кийин кыргызстандык спортчу Ырыскелди Дүйшеев коло медалды, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов күмүш медаль жеңип алган. Күрөш боюнча Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу (66кг чейин) Азия оюндарында коло медалдын ээси болду. Ошондой эле Асан Жанышов экинчи орунду жеңип алды. Мээрим Жуманазарова жана Разак Бейшекеев, Эмирхан Жолдошказиев коло медаль алды.

Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу бар. Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты