Асан Жанышов Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 30-сентябрда, Жапониянын Нагоя шаарында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын спортчусу Асан Жанышов 87 кг чейинки салмак чен бирдигинде Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргызстандык балбан мелдешти чейрек финалдан баштап, өзбекстандык Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Асан Жанышов Казакстандын өкүлү Шамил Ожаев менен күч сынашып,6:1 эсебинде жеңишке жеткен
Ал эми чечүүчү беттеште жапониялык Йошидо Тайзо менен килемге чыгып, мелдеш 1:11 эсебинде Жапон спортсменинин жеңиши менен аяктады.
Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча (аралаш таймаш) Кыргызстандын спортчулар Дастан Каныбек уулу жана Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду. Андан кийин кыргызстандык спортчу Ырыскелди Дүйшеев коло медалды, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов күмүш медаль жеңип алган. Күрөш боюнча Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу (66кг чейин) Азия оюндарында коло медалдын ээси болду.
Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу бар.
Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.
Сүрөттө: Асан Жанышов




