Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 1-октябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланууда. 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргызстандын атынан 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду.
Кыргызстандык спортсмен алгачкы беттешинде Түштүк Кореянын өкүлү Ким Дахюнду 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңди.
Ал эми чейрек финалда Түркмөнстандын өкүлү Азатжан Ачилов менен беттешип, атаандашын 8:0 эсебинде уткан.
Финалдык беттеште спортсмен Өзбекстандын өкүлү Алишер Ганиев менен күч сынашып, 7:5 эсебинде алтын медалга ээ болду.
Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча (аралаш таймаш) Кыргызстандын спортчулар Дастан Каныбек уулу жана Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду. Андан кийин кыргызстандык спортчу Ырыскелди Дүйшеев коло медалды, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов күмүш медаль жеңип алган. Күрөш боюнча Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу (66кг чейин) Азия оюндарында коло медалдын ээси болду. Ошондой эле Асан Жанышов экинчи орунду жеңип алды. Мээрим Жуманазарова жана Разак Бейшекеев коло медаль алды.
Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу бар. Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.
Сүрөттө: Жоломан Шаршенбеков. Дене тарбия жана спорт агенттиги




