Азия оюндары: Дастан Каныбек уулу жана Сыймык Жаныбек уулу коло медаль жеңип алды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Жапония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча (аралаш таймаш) Кыргызстандын спортчулар Дастан Каныбек уулу жана Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Бүгүн, 21-сентябрда, жарым финалда Сыймык Жаныбек уулу бахрейндик Мухаммад Набиев менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп, үчүнчү орунга ээ болду. Ал беттештерди чейрек финалдан баштап, Иорданиялык Раад Алнажжарды 3:0 эсебинде жеңген
Буга чейин Дастан Каныбек уулу 60кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште жапониялык Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан.
Чейрек финалда Ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган.
Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу бар.
Мындан тышкары, спортсмендерге медициналык жардам көрсөтүү жана калыбына келтирүү иштерин камсыз кылуу максатында Кыргызстандын делегациясынын курамында 7 дарыгер жана массажист бар.
Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.
Сүрөттө: Сыймык Жаныбек уулу катышкан мелдеш. Спорт агенттиги




